ИИМ: "Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан деп кармалган аялдын кызы 2 айлык эмес, 2 жашта"

"Тогуз-Тородогу митингге катышкан деп кармалган аялдын кызы 2 айлык эмес, 2 жашта", - деди 17-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.

"Митингде аялдын бир тууган иниси эжесинин 2 айлык кызы бар экенин айткан. Азыр тергөөчүлөрдөн маалымат алдым, кызы 2 жашта экен", - деди Сеитов.

Кармалган Сабыркан Мусалиева иниси Адилет Көчкөнбай уулу эжесинин кызы 2 айлык экенин билдирген.

Токтобек Сариев камактагы аялдын күйөөсү: "Кызым 2 айлык эмес, 1 жарым жашта. Бирок эмчекте болчу. Кызым кечээ күндөн бери кусуп, кургак чай ичкенден башка эч нерсе жебей жатат. Кечинде дарыгерлер келип текшерип кетишти", - деди.

17-апрелде Тогуз-Торо районунун 100дөн ашык тургуну Ак Үйдүн алдына митингге чыкты. Алар милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген район тургундарын бошотууну талап кылышууда.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.

Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jango
2018-04-17 14:53:16
Кызык 1жарым жашта кызы болсо митингде эмне кылып журду?
-1
Mularamov
2018-04-17 15:05:24
salyanovaga bashka myizam
bul ayalga bashka myizamby
+6
nuri1
2018-04-17 15:19:46
Камаш керек.
+2
grace
2018-04-17 17:19:20
Кытайлар уруксаты жок куруп жатса аларды жазалабастан өз ден-соолугун, экологияны коргоп чыккан элди камаган бийликке наалат! Кытай алтынды түгөлү менен ташып кетет! Жер ууланып өлүк жерге айланса эл кайда барып жан сактайт? Жер-жемишин, эгин-тегинин эгип, мал багып таза аба менен урпактарга өткөрүп берели! Кытайдан эч качан жакшылык келбейт! Кытайдын максаты кыргыз жерин алуу! Кытайларды киргизбеш керек!
+3
Yasmina87
2018-04-17 18:43:46
Эмнеге салянованы кызы 18 чыканча кутот,а карапайым элди камайт,мыйзам баарына бирдей иштесин!
+6
NURSAPAR
2018-04-18 08:13:28
Кыргызстанга, элге пайдасы тийбеген алтын комбинаттарын жабыш керек, Кумтөрдү баш кылып. 5-6 богооздорду бага бербей
0
Adikoo2011.
2018-04-18 15:56:03
Ушул алды
0
Adikoo2011.
2018-04-18 15:58:17
Ушул аялды чыгарып эле койсо болмок баланы кыйнабай элдер кыйналып жургон жетет Эми балдарды да азаптабай башка олкодо балалуу аялды сразу чыгарып салат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан