Ак Үйдүн алдына митингге чыккандар райондук соттун алдына чогулушту

Бүгүн, 17-апрелде Ак Үйдүн алдына митингге чыккан Тогуз-Торонун 100дөй тургуну Биринчи Май райондук сотунун алдына барды. Райондук сотто Тогуз-Тородон кармалып келген 15 адамдын бөгөт чарасы каралат. Учурда алардын жарымы унаа менен соттун имаратына алынып келди. Иш бир аздан соң башталарын митингге чыккандар SUPER.KG'ге кабарлашты.

Ал эми Тогуз-Торо районунун администрациясынын алдына чогулгандар да дале тарай электигин митингдин катышуучусу Токтобек Сариев билдирди.

"Айрымдары жеке иштери менен үйлөрүнө кетсе, көпчүлүк администрация алдында турабыз. Талаптарыбыз аткарылмайынча биз дагы кетпейбиз", - деди Сариев.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган. Ошондой эле кылмыш иши козголуп, 150дөй адам суракка алынып, 15и Бишкекке алынып келип, камакка алынган. Алардын үчөө аял болсо, биринин эмчектеги баласы бар.

Аларды бошотуу талабы менен район эли район борборуна жана Бишкекте митингге чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан