"Кош жарандыгы бар адамдын жогорку кызматка келишине тыюу салынганы менен жоопкерчиликке тартуу көрсөтүлгөн эмес" дейт депутат Дастан Бекешев

Кыргыз өлкөсүндө кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Президент, Жогорку Кеңеш депутаты, премьер, сот кызматтарына бара жаткан жаранды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? SUPER.KG порталынын алар кандай жоопкерчиликке тартылышы керек деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев жооп берди.

Бекешев жогорку кызматка бара жаткан адамды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу мыйзам долбоору даярдалганын айтты. "Мыйзам долбоорунда эгер президенттикке талапкер же Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жалган же жасалма документтерин көрсөтсө, кош жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырса, 1 жарым жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле 300 миң сомго чейин айып пул салынат. Ушундай эле жаза сот кызматына, саясий мамлекеттик кызматтарга талапкерлерге сунушталууда. Конституция боюнча кош жарандыгы бар адамдардын жогорку кызматка барышына тыюу салынган. Бирок жоопкерчиликке тартуу көрсөтүлгөн эмес. Жалган маалымат бергендер жумуштан эле алынат. Бирок ал буга чейин айлык алган, бир топ ар кандай сыр маалыматтар менен иштешкен да. Негизи 2011-жылы ушундай мыйзам долбоорун иштеп чыккам, бирок аны эч ким колдогон эмес. Эми Жогорку Кеңештин VI чакырылышында кош жарандуулук боюнча эки факты катталган үчүн кайрадан бул мыйзам долбоорун даярдаганга туура келди", - дейт Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Урматбек Самаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан