"Кош жарандыгын жашырып, жогорку кызматка баргандарга азыркы күндө жоопкерчиликке тартуу нормасы жок" дейт БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов

Кыргыз өлкөсүндө кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, премьер, сот кызматтарына бара жаткан жаранды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? SUPER.KG порталынын алар кандай жоопкерчиликке тартылышы керек деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жооп берди.

Бекматов азыркы учурда кош жарандыгы бар экенин жашырып, жогорку кызматка баргандар боюнча жоопкерчиликке тартуу нормасы жок экенин белгиледи. "Бул суроо БШКга караштуу эмес. БШК бул маселени карай турган мамлекеттик орган эмес. Кылмыш жана Жаза кодексинде, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде дагы жоопкерчиликке тартуу каралбаптыр. Ошондуктан депутат Дастан Бекешев тарабынан мыйзам долбоору сунуш кылынып жатат. Андан сырткары президенттин жарлыгы менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ аталган кодекстерге жоопкерчиликке тартуу нормасын киргизүүнү сунуштап жатат. Анын ичинде талапкер кош жарандыгы бар экенин жашырып, туура эмес маалымат берип койгон болсо, анда талапкер менен саясий партиялардын дагы жоопкерчилиги каралат", - дейт Бекматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев, Урматбек Самаев, Дастан Бекешев, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан