Аида Салянова: "Акталып калсам, депутаттык мандатты кайтарууга жол ачылат"

Бүгүн, 8-майда Жогорку Сотто экс-депутат Аида Салянованын иши каралды. Салянова жакшылыкка үмүт кылып жатканын журналисттерге билдирди.

"Адам жакшылыкка үмүттөнөт. Мен андай болот же мындай болот деп сот болбогондон кийин айта албайм. Бирок жакшылыкка үмүт кылгым келет. Экинчи инстанцияда бизге видео көрсөтүүгө дагы уруксат берген эмес. Бүгүн видео көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Мен муну жакшы жөрөлгө катары кабыл алдым. Буйруса адилеттүү чечим кабыл алынат деп ишенем. Акталып калсам, юридикалык жактан депутаттык мандатты кайтарууга жол ачылат", - дейт Салянова.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан