Бүгүн, 9-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Улуу жеңиштин 73 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Өчпөс отко гүлчамбар койгон соң өлкө башчы куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
"Урматтуу мекендештер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана эмгек ардагерлери, сиздерди Улуу жеңиштин 73 жылдыгы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Улуу жеңиш күнүн белгилеп жатып, мекенибизди душмандан коргоп, эң ырайымсыз жана күчтүү жоону жеңген, бүгүнкү тынчтыктын шартында жашоого жеткирген аталарыбыздын эрдигин даңазалайбыз.
Кыргыз жергесинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышкан, 152 миңден ашуун адам каза болгон.
Алардын эрдиги жогору бааланып, 73 мекендешибизге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган, ал эми 21 Кыргыз өкүлү "Даңк" орденинин толук кавалери болгон. Жалпысынан 150 миң мекендешибиз ордендер жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз жоокерлери биз бүгүн белгилеп жаткан Жеңиш күнүнө жетүүгө зор салым кошкон.
Арабызда жүргөн ардагерлердин амандыгын тилейбиз. Биз фашизмди жеңген улуу муундун өкүлдөрү менен сыймыктанабыз.
Жеңиш күнү - ыйык күн, ардагерлерибиз азайып баратат. Аларды баалап, барктап алуу - биздин парзыбыз. Ардагерлерибиз урпакка сабак болчу из калтырып кетишти. Аталардын жолун улантып кетүү - биздин ыйык милдет. Тынчтыкты көздүн карегиндей сакташыбыз керек", - деди куттуктоо сөзүндө президент.