КҮНСЕРЕП: Көк бөрү: Манас Ниязов "Достукту" жеӊишке сүйрөп чыкты

Бүгүн, 9-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек ЖЭБин жаӊылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссия 3 ай 10 күн дегенде ишин бүттү. Кечээ, 8-май күнү комиссиянын соӊку жыйыны өтүп, корутунду бекитилди. Корутундуда ЖЭБди жаӊылоо боюнча мамлекеттин кызыкчылыгын коргобогон келишимге кол койгон, иш процессинде күмөндүү жагдайлардын орун алуусуна жол берген 30га жакын адамдын аты аталды.

Тизмеде экс-премьер министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы директору Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башчылары Салайдин Авазов, Узак Кыдырбаев, ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу, Жогорку Кеӊештин мурдагы жана азыркы Кожобек Рыспаев, Алмамбет Шыкмаматов өңдүү бир топ депутаттары, азыркы жана мурдагы министрлер, энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканалардын жетекчилери бар. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков болсо бул тизмеге модернизацияны ишке ашыруу үчүн кытайлык ТВЕА компаниясын тандоо сунушун бергени үчүн илинди. Комиссия УКМК, Башкы прокуратура өӊдүү органдарга булардын ишине юридикалык баа берүүнү сунуштады. Бул иш эми 10-майда парламенттин жалпы жыйынында каралары күтүлүп жатат.

ЖЭБди жаӊылоо аракети Бакиевдин тушунда башталган. 2010-жылы январда ЦАРИИнин башчысы Максим Бакиев жетектеген делегация Кытайга барып, ТВЕА компаниясы менен алгачкы сүйлөшүүлөр болгон. Ортодо Апрель революциясы болуп, бийлик алмашып, ЖЭБди жаӊылоо планы бир нече жыл токтоп калган. 2013-жылы сентябрда ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Кытайга иш сапары менен барып, өлкө жетекчилери Кыргыз-Кытай ортосунда 8 документке кол коюшкан. Алардын бири Бишкек ЖЭБин жаңылоого 386 миллион доллар кредит бөлүү эле. Ушул эле жылы 11-декабрда 5-чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш өкмөттүн "тез арада бекитпесек болбойт" деген сунушу менен ЖЭБди жаӊылоо келишимин ратификациялоо жөнүндө мыйзамын кабыл алып, 23-декабрда президент кол койгон. Ошентип ЖЭБди жаӊылоо келишими 2013-жылы, өкмөт башында Жантөрө Сатыбалдиев турганда түзүлгөн. Бул долбоордун ишке ашырылышына Сатыбалдиевден кийинки премьерлер Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев жана Сооронбай Жээнбеков көзөмөлдүк кылышты. 2017-жылы 20-августта Жээнбеков премьерликтен кетти. Ал эми 30-августта ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда жаӊыланган ЖЭБдин ачылыш салтанаты орун алган. Комиссия мүчөлөрү "ЖЭБди жаӊылоо ишинин башынан аягына чейин катышкан бардык адамдардын аттары аталат" деген бүтүмгө келишкенин билдиришкен. Бирок депутаттык комиссиянын корутундусунда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент, мурунку өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аты-жөнү көрүнбөйт...

Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеӊиштин 73 жылдыгы белгиленди. Жылдагыдай, Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өтүп, катышуучулар Жеӊиш сейил багынан Жеӊиш аянтындагы "өчпөс отко" чейин жөө жүрүш жасашты. Көӊүлдү бурганы - быйыл бул жүрүшкө президент Сооронбай Жээнбеков катышып, колуна чоӊ атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн кармап басканы болду. Бул акциядан коомчулук мурдагы премьер Сапар Исаковду да кезиктирди.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин элесине арналган "Өлбөс полк" - 9-Майга карата жыл сайын өткөрүлүүчү ири эл аралык акция. Кыргыз жеринде 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жеӊиш аянтында президент Жээнбеков согуштун катышуучуларын Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, алардын эрдигин дагы бир жолу элдин эсине салды. Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргыз жеринде Улуу Ата Мекендик согуштун 475 катышуучусу жашайт. Аларга жыл сайын Жеңиш күнүнүн урматына 15 миң сомдон акчалай төлөм берилет. Ал эми согушта каза болгон ардагерлердин жубайлары, оорукта эмгектенгендер 10 миң сомдон алышат. Быйыл президент бул төлөмдөрдү көбөйттү. Бул айда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү ардагерлердин ар бирине 47 600 сомдон, согуштун катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 47 400, согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине 11 200, ооруктун майыптыгы бар эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына 12 100, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 100 сомдон берилди. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү тынчтык заман үчүн өмүрүн аябай кан майданды кечип келген ардагерлердин катары жыл өткөн сайын суюлуп баратат...

9-май – Жеӊиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын финалы өттү. Бул беттешке кайрадан Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары чыгып, 3:2 эсебинде жеӊишти “Достук” илип кетти.

Тайказанга 3 улакты теӊ “Достуктун” оюнчусу Манас Ниязов таштады. Бул эки команда өз ара 8 жолу беттешип, “Ынтымак” 6 жолу, “Достук” 2 жолу жеӊүүчү аталган. Акыркы беттештерине көз жүгүртсөк, 2017-жылы Ноорузга арналган мелдеште “Ынтымак” “Достукту” 8:7 эсебинде, быйыл Ноорузда 3:1 эсебинде уткан. Жакында “Достуктагы” үчилтик – Манас, Кыяз, Байыш Ниязовдор командадан кеткени жөнүндө маалымат тарап, кызуу талкуу жараткан. Бирок команданын машыктыруучусу Мыктыбек Туташов маалыматты төгүндөп, Байыш жана Кыяз Ниязовдор жаракаттарынан улам 9-Майга карата өтө турган беттештерге катыша албай турганын, ал эми Манас Ниязов катышарын айтып күйөрмандарын тынчтандырган.

Көк бөрүдө акыркы жылдары кызыктуу оюн көрсөтүп жатышкан “Достук” менен “Ынтымактын” беттештери Кыргыздын Эль-Класикосу аталып, эки команданын эле эмес, алардын күйөрмандарынын да мелдешине айланып баратат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан