Депутат Данияр Төлөнов: "Сырттан алынган насыялар кандай пайдаланылып жатканы боюнча долбоорлорду эки тараптын макулдугу менен гана текшере алабыз"

Сырттан келген насыялардын кандай пайдаланылгандыгы боюнча ири долбоорлорду ЖЭБди жаңылоо сыяктуу текшерип чыгуу керекпи деген SUPER.KG порталынын соболуна "Кыргызстан" фракциясынан депутат Данияр Төлөнов жооп берди.

Депутат чоң мааниге ээ болгон ири долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

"Көптөгөн ири долбоорлор боюнча келишимге кол коюлуп, ратификациядан өткөн. Албетте, сырттан келген насыялардын пайдаланылышы боюнча кайрадан карап чыгууну каалайбыз. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына пайдалуу болушу үчүн аракеттенишибиз керек. Бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, "Датка-Кемин" подстанциясы боюнча келишимге кол коюлуп, ратификациядан өткөн. Комиссия түзүп ушуларды текшерсек жакшы болот эле. Бирок келишимдин негизинде ратификациядан өткөн долбоорду кайрадан кайтара албайбыз. Бир гана эки тараптуу макулдук болушу керек. Кытай жана Кыргыз тараптан макулдук болсо, кайрадан карап чыксак болмок. Бизге бүт жумуштарды, иш-чараларды утуп алган компания өздөрү жасайбыз дегендери жакпай жатат. Мисалы, ЖЭБ боюнча айтсак, ТВЕА компаниясы бардык жумуштарды өздөрү алып барган. Кандай адистерди бул жумушка тартканы, алардын тажрыйбасы барбы же жокпу билбейбиз. Стратегиялык чоң мааниге ээ болгон долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушубуз керек", - дейт Төлөнов.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, "Kyrgyz Concept" туристтик компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан