Саясатчы, обончу, аткаруучу Ибрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.
Ал 1983-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган.
1986-2002-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доценти;
2002-2005-жылдары аталган окуу жайдын искусство факультетинин деканы;
2005-2007-жылдары университеттин биринчи проректору;
2007-жылы "Ак Жол элдик партия" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты;
2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин өкмөткө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору;
2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты;
2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри;
2011-2013-жылдары маданият, маалымат жана туризм министри;
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган.