Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 5-апрелинде кабыл алынган.

2016-жылдын 26-октябрында Исламабад шаарында кол коюлган бул макулдашуу илимий изилдөөлөр жана потенциалды жогорулатуу борборун түзүүгө багытталган. Ал Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык программасынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан