Бекназаров: "Азыр Атамбаевди саткандар эртең Жээнбековду сатат"

Өткөн аптада КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборундагы кырсык үчүн бардыгы, алардын катарында президент Сооронбай Жээнбеков да жооп бериши керектигин айтты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын жүргүзгөн соболуна саясий ишмер Азимбек Бекназаров төмөнкүдөй пикирин билдирди.

Бекназаровдун ою боюнча, ЖЭБдеги окуя боюнча жогорку кызматтагы бардык адамдар жооп бериши керек, ошондой эле ага парламент дагы жооптуу. "Биринчи кезекте парламент өзү жоопкерчилик алыш керек, анткени бардык келишимдерди мыйзам түрүндө кабыл алышкан, а мыйзамдын аткарылышын парламент өзү көзөмөлдөйт. Өздөрүнүн функциясын так аткарбаганы үчүн парламент саясий жоопкерчиликти моюнуна алыш керек, туура эмес аткарганы үчүн өкмөт моюнуна алыш керек, бул мыйзамдын талабы. Баарын Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковго көңтөрүп салабыз деген туура эмес. Атамбаев учурунда өзү депутат, өзү сот, өзү прокурор болду, баарын өзү башкарды. Эми ошол Атамбаевдин буйругун аткарган адамдар да жоопкерчилик алыш керек, алар өздөрүнүн милдетин так аткарышкан жок. Эми ошолор жаңы бийликке жакшы көрүнүп жатканы дагы туура эмес. Учурунда Атамбаевге "пешка" болгондон кийин аягына чейин пешка болсун, кеткенден кийин көө жаппай. Сапар Исаковдун мурдагы кожоюнун сатпай атканы - эркекчилик. Азыр Атамбаевди саткандар эртең Сооронбай Жээнбековду сатат.

Биздин өлкөдө парламенттик систем болгон соң парламент да жоопкерчиликти өзүнө алыш керек, элге отчёт болушу зарыл. Атамбаевдин учурундагы 6 өкмөт башчы да жооп бериши керек", - деди Бекназаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Кожобек Рыспаев, саясат таануучу Марс Сариев жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан