Исхак Масалиев: "Акчаны алганыбыз туура эле, аткарылышы кыйшык болуп калды"

Өткөн аптада КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборундагы кырсык үчүн бардыгы, алардын катарында президент Сооронбай Жээнбеков да жооп бериши керектигин айтты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын жүргүзгөн соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикири төмөнкүдөй.

Масалиев ЖЭБди жаңылоо долбоорунун башатын карап, ошол жердеги маселелерге маани бериш керек деген ойдо. "ЖЭБдин долбоорунун башатында президенттик аппараттын бөлүм башчылары Сапар Исаков менен Нурсулуу Ахметова негиздеме даярдашкан. Анан мурунку өлкө башчы өкмөттүн башчысына эмес, министрлерге буйрук берип жатат. Демек, "ушулар демөөрчүлөр жана демилгечилер" деп айтсак, ката болбойт. Долбоор керек болчу, акчаны алганыбыз туура эле, бирок аткарылышы кыйшык болуп калды.

15 депутат компаниянын эсебинен чет өлкөгө барып келген, алардын да жоопкерчилигин караш керек. Ал эми парламент өкмөттүн "жаңы ЖЭБ болот" деп сайрап бергенин колдоп берген. Андан кийинки ишти аткаруу бийлиги көзөмөлдөшү керек эле.

Башында 386 миллион долларга куруп бересиңер деп келишим түзүлгөн, алар алтындан курабы, ылайдан курабы, биз эч кандай буйрук бере албайт элек, себеби келишим түзүлгөн. Техникалардын баасынын кымбат болушу башынан сүйлөшүлгөн, а келишимде ар бирин карап турабыз деп түзүлгөндө, кийинки өкмөт башчылардын моюнуна "сен карабай койдуң" деп койсок болмок. Мен негизинен башатына карап жатам, башатынан тескери кетсе, калганын сурабай эле коюш керек, сураганда да жоопкерчиликтин көлөмү башкача", - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, саясат таануучу Марс Сариев жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан