Активист: "Сапар Исаковдун Сооронбай Жээнбеков тарапка мындай сөздү айтканы адамгерчиликке жатпайт"

Өткөн аптада КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборундагы кырсык үчүн бардыгы, алардын катарында президент Сооронбай Жээнбеков да жооп бериши керектигин айтты. Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталынын узаткан соболуна активист Адил Турдукуловдун жообу төмөнкүдөй.

Турдукуловдун айтымында, УКМКнын Сапар Исаковду суракка чакырып жатканында жүйөлүү себептер болушу мүмкүн. "Сапар Исаков бул нерсени эмнеге таянып айтып жатканы мага түшүнүксүз болуп жатат. Сапар Исаковдун Сооронбай Жээнбеков тарапка мындай сөздү айтканы адамгерчиликке жатпайт. Себеби Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде "иштеше алабыз, көптөгөн пландарды ишке ашырабыз" деп убада берген. Ортодон 2-3 ай өтпөй кайра жамандап жатканы туура эмес болуп калат. Алдын ала бирөөнү күнөөлүү деп айтуу жаңылыштык, менин билишимче, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Оштун губернатору болгон. ЖЭБдеги окуя боюнча эң биринчи жооптуу адамдар - бул долбоордун башталгандагы өкмөттү жетектеп турган жана ТВЕА компаниясын тандаган адамдар.

Сапар Исаков ал учурда (президенттик аппаратта тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган – ред.) экономикалык иштерге аралашып, өз укугунан ашкере пайдаланып эч кандай тендер өткөрбөй туруп ТВЕАны татыктуу деп Атамбаевге жазган каты да чыкты. Бул жерде кандайдыр бир жашыруун кызыкчылык бар экени көрүнүп турат. Ошондуктан УКМК Сапар Исаковду чакырып жатканынын да жүйөлүү себептери бар болушу керек.

Премьер-министрлердин жоопкерчилиги тууралуу айта турган болсок, алар ошол өздөрү өкмөт башчы болуп тургандагы гана учурга жооп бериши мүмкүн. Кийинки келген ар бир өкмөт башчы башта түзүлгөн келишимди жокко чыгарып, жаңы чечимди чыгарууга укугу жок болчу. Ошондуктан башында кимдин тиешеси болсо, ошол адамдар жоопкерчиликке тартылыш керек", - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Кожобек Рыспаев, саясат таануучу Марс Сариев жана саясий ишмер Азимбек Бекназаровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан