Гүлнара-Клара Самат депутаттык төш белгиге ээ болду. Тиешелүү чечим бүгүн, 15-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.
Буга чейин ал Орусиянын жараны болушу мүмкүн деген маалымат түшкөнүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирген. "Жарандыгым боюнча маселе эмнеден улам көтөрүлгөнүн өзүм да түшүнбөйм, "Карек" деген уюм бар, ошолор жазышты. Булар эми "хулиган" кыздар да", - деди жаңы депутат.
Гүлнара-Клара Самат убагында Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп тургандыгы жана 2008-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо алдында "Мени Максим Бакиев коркутуп-үркүтүп жатат" деп өлкөдөн чыгып кеткендиги менен белгилүү. 2015-жылы парламенттик шайлоодо "ата мекенчилердин" тизмесинде жүргөн Гүлнара-Клара Самат Клара Кабилова экендиги ачыкка чыккан.
Гүлнара-Клара Самат "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын ордуна келди.
Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.
Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.
Бүгүнкү күндө Жогорку Сотто Аида Салянованын иши каралууда. Кийинки соттук иш 22-майда уланмакчы.