Депутат Жыргалбек Турускулов: "Президенттик аппараттын соттук реформа боюнча бөлүмү "монстрга" айланып калган"

Бүгүн, 15-майда Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевди кызматынан бошотту. Акыркы мезгилде коомдо бул бөлүмдү жоюп салуу сунуштары айтылууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ак Үйдөгү сотторго кураторлук кылган кызматты калтыруу керекпи же жоюп салган оңбу?" деп собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов бүгүнкү күндө жарандардын президентке болгон ишеними жогорулаганын айтты. "Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү азыркы учурда зарыл. Жарандардын президентке жазган арыздарды ушул бөлүм карап, талдап чыгып, тартиптик комиссияга иликтөөгө жөнөтүш керек. Бул бөлүмдүн сотторду көзөмөлдөө деген функциясы жок. Ал "монстрга" айланып калган деп коомдо да, парламентте да айтылууда.

Салыштырып көрсөк, ИИМге, прокуратурага салыштырмалуу жарандар президентке көп ишенип, көп арыз жазып жатышат. Президент арыздардын баарын карай албайт, аталган бөлүмдүн кароосуна жөнөтөт. Бул бөлүмгө таза адам келиши керек, өзүнүн милдетин туура аткарып, президентке арыздардын туура же туура эмес экенин аныктап чыгышы керек", - деди Турускулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Алмамбет Шыкмаматов, жарандык активист Улан Жумаков, саясий илимдердин доктору Канатбек Азиздин пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан