КҮНСЕРЕП: ЖЭБ чуусу: депутаттардын "колу" Исаков аркылуу Атамбаевге жетеби?

Бүгүн, 16-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламент өткөн аптада Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун карап бүтпөй калган. Депутаттар бүгүн талкууну улантышты. Жыйынга мурдагы премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков, тийиштүү органдардын мурдагы жана азыркы жетекчилери катышты.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов ЖЭБди жаӊылоодо жабдуулардын баасы базар баасынан эселеп кымбат көрсөтүлгөнүнө далил көрсөттү. Буга чейин ЖЭБдин жетекчиси Андрей Воропаев 320 долларга сатып алынды деп курамына 1 даана кычкач жана башкалар кирген жабдуулар топтомун көрсөткөн. Жамангулов Бишкектен дал ошол компаниянын, ошол эле жабдууларын 2500 сомго гана сатып алганын айтып, аларды жалпыга көрсөттү. Депутаттар “жабдуулардын баасынын эселеп кымбат көрсөтүлушү 386 миллион доллардын баары ЖЭБге жумшалбаганынын далили” деген мааниде ойлорун айтышты. Финансист депутат Акылбек Жапаров ЖЭБди жаӊылоо ишин кароодо 386 миллион доллар эмес, Кытайга төлөй турган сумманы сөз кылуу керектигин айтты.

386 миллион доллар 2013-жылы Кытайдын "Экспорт импорт банкынан" 20 жылдык мөөнөткө алынган. Мунун 11 жылы жеӊилдетилген мөөнөт. 2024-жылга чейин Кыргыз тарап карыздын үстөк пайызын гана төлөйт. 386 миллион долларды Кыргыз тарап үстөк пайызы менен 2033-жылга чейин 493 миллион доллар кылып төлөөгө тийиш.

Талаштан тактык жараларын бүгүнкү жыйын ачык көрсөттү. Депутат Кожобек Рыспаев чилдедеги аварияга чейин, 2017-жылы ЖЭБди жаӊылоодогу шек жараткан бааларды айтып чыкканын, ал кездеги премьер Сапар Исаков аны чакырып фактыны тактабай туруп ЖЭБди модернизациялоо окуясынан чуу чыгарбоону талап кылганын айтып чыкты. "Мен бул маселени фракция жыйынында да көтөрдүм, анткени "Электр станциялары" ишканасы баалар боюнча маалымат бербей койду. Сапар Исаков мени кайра чакырып ЖЭБди жаӊылоо маселесин эмне көтөрүп жатасыз, президенттин ачуусу келип жатат деген дейт", - Рыспаев. Сапар Исаков депутат Рыспаев менен жогорудагыдай сүйлөшүү чын эле болгонун, бирок Алмазбек Атамбаевдин ачуусу келип жатат деп айтпаганын билдирди. Рыспаев Исаковду жалган айтпоого чакырды.

Карызга алынган 386 миллион долларды Кыргыз тарап накталай көрбөгөн деп айтылды. Жооптуу аткаминерлердин айтымында, акчаны Кытайдын банкы ЖЭБди жаӊылоо ишин аткарган кытайлык ТВЕА компаниясына которуп, аны ТВЕА өзү каалагандай иштеткен. Анткени ЕРС келишимден улам акча кандай жумшалып, кайсы жабдуу канчага сатып алынып жатканын Кыргыз тарап текшере алган эмес. ЕРС келишим - иш аткаруучу компания долбоорду өзү түзүп, керектүү жабдыктарды өзү сатып алып, курулушту өзү жүргүзөт деген сөз. Депутаттар Кыргыз тараптын эӊ негизги катачылыгы ЕРС келишимин түзүүгө көнгөнү деп жатышат.

Сатыбалдиев бул насыялык келишимге жооптуу деп ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жетектеген мекемелер аралык комиссияны атаса, Артыкбаев күнөөнү "Электр станциялары" ишканасына оодарды. "Электр станцияларынын" мурдагы жетекчилери буга чейин УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Жантөрө Сатыбалдиев ал жетектеген өкмөт ЖЭБди жаӊылоодо инвестор гана алып келгенин, калган иштерге башкалар жоопкер экенин айтууда. Депутаттардын жалпы сөздөрүнүн төркүнү жетекчилери камакта отурган "Электр станцияларына" жана Кытай тараптын өкүлдөрү менен 5 жыл ичинде 18 ирет жолугушкан, экономикалык иштерге кийлигишкен, ТВАЕнын тандалышына таасир эткен деп Сапар Исаковго барып такалууда.

Жантөрө Сатыбалдиев ЖЭБди жаӊылоодон көрө жаӊы ЖЭБ куруу арзан түшмөк, эски ЖЭБди бузууга да миллиондор жумшалып кеткен деди. Депутат Алтынбек Сулайманов экс-премьердин бул сөзү күлкү келерлик экенин, 2013-жылы депутаттар 386 миллион долларга жаӊы ЖЭБ курууну сунуштаганда Сатыбалдиев кымбатка түшөт деп болбой койгонун эскертти.

Бүгүн депутаттар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковду парламенттин дарегине айткан сөздөрү үчүн жарга такашты. Айта кетсек, буга чейин Исаков парламент депутаттарын "саясий өлүк" деп атаса, Сатыбалдиев super.kg порталына курган маегинде эл өкүлдөрүн "соодадан келген базарчылар" атаган эле. Бүгүн Сатыбалдиев бул сөз журналист тарабынан бурмаланып кетсе керек деп кутулууга аракет кылды эле, комиссия төрагасы Улан Примов Сатыбалдиевдин super.kg порталына берген маегин сөзмө-сөз окуп берди. Депутаттардын айрымдарын “соодадан келишкен” деген мүнөздөмө катуу чычалатып жатканы даана байкалды. Депутаттар азыркы эл өкүлдөрүнүн көбү парламентке бизнестен келгенин, атүгүл Жогорку Кеӊеште айрым мыйзамдар дал ошол депутаттардын жеке финансылык кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жүргөнүн моюнга алгысы келбей жатат. Мисалы, 2015-жылы ун заводу бар депутаттардын сүрөөнү менен Жогорку Кеӊеш импорттук буудайды салыктын бир түрүнөн бошоткон. Былтыр бул мыйзамдын айынан өлкө 800 миллион сом зыян тартканы айтылып, парламент ал мыйзамды кайра жокко чыгарды.

Ал эми Сапар Исаков "саясий өлүк" деген сөзү парламенттеги башкаруучу коалициянын депутаттарынын бүгүн өкмөттүн ишине “жакшы” деп баа берип, эртеси ишенбестик көрсөткөнү, бир позицияда турбагандыктары үчүн айтылганын, бул сөзү үчүн кечирим сурабай турганын айтты.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, ЖЭБди модернизациялоо, анда кыш чилдесинде орун алган өндүрүштүк кырсык жана ЖЭБди кышка даярдоо иштери боюнча 4 кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

Комиссиянын корутундусу бүгүн да каралып бүткөн жок. Жогорку Кеӊеш талкууну эртеӊки жыйынында улантмакчы болду. Депутат, экс-спикер Асылбек Жээнбеков 2013-жылы ЖЭБди жаӊылоо келишимин ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев "тез арада кабыл албасаӊар болбойт" деп сунуштаганын, парламент келишимди колдоого милдеттүү болгонун, эми күнөөлүүлөр жооп бериши керектигин, башка жол жок экенин айтты. “Биз ЖЭБ жаңылоого муктаж экендигин көрүп турганыбыз үчүн, силерге ишти тийиштүү деңгээлде аягына чыгарат деп ишенгенибиз үчүн колдоп, добуш бергенбиз”, - деп, бирок ушунча чуулгандуу фактылардан кийин бардык ири долбоорлор боюнча, жол куруу, "Датка-Кемин" подстанциясын куруу иштери боюнча да күмөн жаралганын айтат. “Ал долбоорлордо да ушундай эле иштер болгонбу деп шектене баштадык. Аларды да текшерип чыгуу керек. Кудай ошондой күмөндүү иштердин бети ачылсын деп кышты катуу суук кылып, ЖЭБде кырсык болуп билинип калды”, - дейт депутат.

Бүгүнкү жыйынды жалпылап караганда эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн көздөгөнү соту-тергөөсү жок эле Сапар Исаковду айыптуу кылып чыгарып, ал аркылуу анын “шефи” Атамбаевге жетүү сыяктуу көрүндү. Депутаттар мындай максатына деле жетиши мүмкүн. Бирок толук схема ачылбаса, чындык акыркы үтүр, чекитине чейин ачыкталбаса, ЖЭБди жаңылоо сыяктуу окуялар Кыргызда чексиз кайталана берет. Ар бир окуянын “Исакову”, үн катпай отурган “Сариеви”, трибунадан күпүлдөп, жеке “өчүн” алгысы келген “Матраимову” да боло берет...

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин көздөй ишенимдүү адамы делинген, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов чет өлкөгө чыгып кетти. Бир катар ЖМКлар жеке булактарга таянуу менен Илмиянов Сауд Арабияда кичи ажылык зыяратка кеткенин жазышты.

Икрамжан Илмиянов экс-президент Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири. 2010-2017-жылдары президенттин кеӊешчиси, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары кызматтарында турду. 2017-жылы Атамбаев аны “вазирим” деп атап, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлаган. Бул боюнча экс-президент "Илмиянов депутаттыктан, мамлекеттик кызматтан баш тарткан Кыргыздагы жалгыз адам, бул сыйлыкка татыктуу" деген. Айта кетсек, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Илмиянов КСДПнын тизмеси менен 50-катарда депутаттыкка талапкер болгон. Депутат болуу кезеги келгенде Илмиянов арыз жазып талапкерлердин тизмесинен чыккан.

Бүгүнкү күндө ЖЭБди жаӊылоо иши боюнча Атамбаевдин оӊ колу аталып жүргөн мурдагы премьер Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов өңдүү кадрлары УКМКга суракка чакырылып жатат. Мындан улам Илмиянов чет өлкөдөн кайтып келбейт деп жоромол айткандар болууда. Буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин да сыртка чыгып кеткени жөнүндө маалымат тарап, бирок Сегизбаев өзү муну четке каккан. Экс-президенттин командасында иштеген экс-чиновниктердин кайда жүргөнүнө, баскан-турганына коомчулук дыкат көз салууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан