Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык аудит (мекеменин каржылык отчётторун текшерүү) жүргүзүүнү сунуштады. Айтылган сунуштун негизинде жаралган SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоо боюнча эл аралык аудит жүргүзүү керекпи?" деген соболуна эксперт Расул Үмбөталиев төмөнкүдөй жооп узатты.
Эксперттин айтымында, ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүү ашыктык кылмак эмес, бирок аудит өткөрүүгө азыр убакыт дагы, каражат дагы жок. "Эл аралык көз карандысыз аудит өткөргөнүбүз туура болмок, бирок азыр, чынын айтканда, аудит өткөрүүгө биздин убактыбыз дагы, акчабыз дагы жок.
Буга чейин эле депутаттык комиссиянын корутундусу менен канча каражатка кычкач, көзөмөл камералары алынганы анык болуп калды. Алынган каражаттар өз баасынан 10 эсеге чейин кымбат болуп жатканы белгилүү болду. Эл аралык аудит өткөрүп койсок, бир тарабынан жакшы болмок, себеби Кытай тарап Арбитраждык сотко кайрылып калса, биз аудиттин корутундусуна таянмакпыз. Экинчи жагынан аудиттик компания деле депутаттык комиссиянын корутундусундагы маселелерден алыс кетпейт, камеранын, кычкачтын канча кымбат экенин алар деле жазат", - деди Үмбөталиев.
Депутат Акылбек Жапаров, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, эксперт Нургүл Акимова жана ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулунун жообу бул шилтемеде.