ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: Жогорку Кеңештин депутаты, 6 баланын атасы Руслан Казакбаев 51 жашка толду
Мындан 51 жыл мурун, 1967-жылы 18-майда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун "Унаа жана унаа чарбачылыгы" автоунаа куруу факультетин бүтүргөн. 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
1992-1994 жылдары - Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.
1995-1996 жылдары – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгында - үчүнчү жана экинчи катчы болуп эмгектенген.
1996-1999-жылдары - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) башкы консулдун орун басары кызматында иштеген.
1999-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын башкы башкармачылыгынын жетекчиси болуп иштеген.
2005-2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) башкы консул кызматында ишеген.
2009-жылы январь-октябрь айлары – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.
2010-жылы апрель айында – Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалган.
2010-2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматында иштеген.
2012-жылы октябрь-ноябрь айлары – Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына "Республика" саясий партиясынан талапкер болгон.
2015-жылы – "Республика-Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.
18-майдын жылнаамасы.