17-майда соттук реформага арналган жыйында президент Сооронбай Жээнбеков бул ишти тездетүүгө чакырып, соттук реформаны жеке көзөмөлүнө аларын айтты. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соттук реформанын ишке ашуусуна саясий эрктин жоктугу себеп болуп келдиби?" деп собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер толук иштеп баштап, Кыргыз мамлекетинде жашоо турмуш өзгөрөрүн айтты.
"Соттук реформа жакшы жүрүп жатат же жаман жүрүп жатат дегенден алысмын. Биз жаңы кодекстерди кабыл алганбыз. Ал кодекстер 2019-жылдын 1-январынан тарта толук иштеп баштагандан кийин Кыргыз мамлекетинде жашоо турмуш өзгөрөт.
Азыр милиция, сот, прокуратура кызматкерлерин окуудан өткөрүш керек. Алар өздөрү билбесе, элди кыйнап коюшат да. Каржы маселеси чечилген эмес. Ошондуктан эл аралык уюмдар прокуратуранын ар бир кызматкерин окуткула деп 150 доллардан төлөп берип жатат. Канча деген жумуш турат, биз кечигип жатабыз. Ошондуктан даярдык маселеси бар", - деди Шайназаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Бакиров, Максат Сабировдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.