Дастан Бекешев: "Сотторду окутуу жакшы болбой жатат"

17-майда соттук реформага арналган жыйында президент Сооронбай Жээнбеков бул ишти тездетүүгө чакырып, соттук реформаны жеке көзөмөлүнө аларын айтты. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Соттук реформанын ишке ашуусуна саясий эрктин жоктугу себеп болуп келдиби?" деп собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев экономикалык иштерди караган сотторго өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты. "Мисалы, ошол эле экономикалык иштерди караганда сотко миллиондогон акчалар боюнча арыздар түшөт. Биз ошон үчүн экономикалык иштерди караган сотторго өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Алар да Бажы кодекстерин, ЕАЭБ нормаларын жана башка тийиштүү нерселерди жакшы билиши керек.

Бизде судьяларды окутуу процесси жакшы болбой жатат. Азыркыга чейин башталышы керек эле, тынч болуп калды го. Президент кечээ соттук реформанын жүрүшүн өзү көзөмөлгө алам деп айтты. Президент айткандан кийин мүмкүн жумуштар улантылып баштайт. Бул жерде саясий эрк бар дегенибиз менен бир киши сөзсүз өзүнө жоопкерчиликти алып, пландарды коюп башында турушу керек да", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Тынчтыкбек Шайназаров, Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Бакиров, Максат Сабировдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан