Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: "Исаков менен Кулматов "саясий куугунтук" эмне экенин биле элек"

ЖЭБдеги окуя боюнча суракка чакырылган Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов өздөрүнө карата болуп жаткан иште "саясий түс" бар экенин айтышууда.

"Кулматовго кылмыш иши козголушу, Исаковдун УКМКга сурак берүүсү - бул саясий куугунтукпу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев төмөнкүдөй жооп берди.

Коомдук ишмердин пикири боюнча, саясий куугунтук деп айтуу үчүн ага ылайык негиз болуш керек. "Саясий куугунтук деп айтыш үчүн саясий куугунтукту жон териси менен сезиш керек. Менин оюмча, булар саясий куугунтук деген эмне экенин биле элек, билгенден кийин айтышса туура болот. Сурак бере баштаганда эле мындай дегени туура эмес, саясий куугунтуктун чоо-жайы башкача болот, саясий негиз болот, козголгон кылмыш ишинде кылмыш эмес, зордук, басым болот, ушуну саясий куугунтук дейт. Азыркы учурда тергөө органдары жүйөлүү себеп менен эле иштеп жатышат", - деди Каптагаев.

"Саясий куугунтук деп, күнү-түнү сот болуп соттолгон Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов, баласы жана өзү ооруганына карабай соттук отурумга катышууга мажбурланган Аида Салянованын ишин саясий куугунтук десе болот. Азыр эми тергөө эле болуп жатат, камаган жок, эч кандай кысым болгон жок, саясий куугунтук болсо алып барып камап коймок. Андыктан саясий куугунтук деп айтууга эч кандай негиз жок. Антип айтканда деле ким куугунтуктап жатат, кайсы иши үчүн куугунтуктап жатат так айтыш керек да, ошондо эл чечет. Булар мурда айтылган деп эле туурап айтып коюп жатышат”, - деген пикирде коомдук ишмер.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Анвар Артыков, Пархат Тулендыбаевдин, активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан