ЖЭБдеги окуя боюнча суракка чакырылган Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовөздөрүнө карата болуп жаткан иште “саясий түс” бар экенин айтышууда.
"Кулматовго кылмыш иши козголушу, Исаковдун УКМКга сурак берүүсү - бул саясий куугунтукпу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна активист Мавлян Аскарбеков жооп берди.
Аскарбековдун айтымында, саясий куугунтук болгон жок, болгону Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов жооп бере турган учур келди. "Булар кызматынан кетип, суракка алынгандан кийин "саясий куугунтук болуп жатат, акыйкаттык, калыстык болуш керек" деп айтып жатышат. Алардын бул оюна мен кошулбайм, себеби саясий куугунтук Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин тушунда болгон. Алардын кемчилигин белгилеп, мыйзам бузууларын айткандарга бүтүндөй бир мамлекеттик машинанын жүргүзгөн ишин саясий куугунтук десек болот. Акаев, Бакиевдин заманында кандай гана адамдар табышмактуу жагдайда көз жумду, өлтүрүлдү. Атамбаевдин убагында башкаларды айтпаганда да өзүмдү айтсам болот, учурда мага карата 5 соттук процесси жүрүп жатат, 2 процесс КСДПнын депутаттары тарабынан, учурунда Кубанычбек Кулматов башкарган Бажы кызматы менен 7 жылдан бери соттошуп келе жатам, Дача-СУ маселесин көтөргөнүм үчүн мага кылмыш ишин козгошкон. Саясий куугунтук деген ушундай болот.
Сапар Исаков акыйкаттык болуш керек деп жатат, 2010-жылы биз ок алдында, кан кечип жүргөндө Исаков Максим Бакиевди АКШда коштоп жүргөн. Биз кан кечип жүргөн убакта ошол режимди колдоп, ошолор менен жүргөн Исаков өкмөт башчы болуш керек, кана акыйкаттык? Максим Бакиев, Алексей Елисеев өмүр бою эркинен ажыратылып качып жүрөт. Ошол экөөнө уурдаганга жардам берген ЦАРИИнин мүчөлөрү, Сапар Исаков, Айбек Калиев, Илим Карыпбековго окшогондор бүгүн жоопко тартылбай жүрөт, кана калыстык?
"Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп жатат. Өмүр бою чоң кызматтарда иштеген Исаков, Кулматов эми эл алдына чыгып актыгын айтып, саясий куугунтук болуп жатат дегени уят, элди мазактоо. Буларга болгон аракет саясий куугунтук эмес, булар өмүр бою майлуу-сүттүү, коррупциялык кызматта иштегендиги үчүн жооп берүү мезгили келди, азыркы учур - ошол учур", - деди Аскарбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Анвар Артыков, Пархат Тулендыбаевдин, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикири бул шилтемеде.