Депутат Анвар Артыков: "Саясий куугунтук деген сөз чыкканда ишенбейм, муну айла кеткенде айтышат"

ЖЭБдеги окуя боюнча суракка чакырылган Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов өздөрүнө карата болуп жаткан иште “саясий түс” бар экенин айтышууда.

"Кулматовго кылмыш иши козголушу, Исаковдун УКМКга сурак берүүсү - бул саясий куугунтукпу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков өз пикирин айтты.

Депутаттын пикиринде бул ишти тийиштүү органдар иликтеши керек жана аларга ишенүү керек. "Мен бул маселе боюнча ар дайым өз пикиримди айтып келем. Дайыма саясатчыларга жана башкаларга иш козголгондо, саясий буюртма болду деген сөздү чыгарышат. Биз органдарга ишенишибиз керек, текшерсин, иликтесин, ишти аягына чыгарсын. Ким болбосун "саясий куугунтук" деген сөз чыкканда, мен ишенбейм, башка аргумент таппай айла кеткенде ошол сөз чыгат. Мыйзам иштеш керек, тийиштүү органдар ишти аягына чыгарсын, ошондо саясий буюртмабы же башкабы өзү билинет", - деди Артыков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Пархат Тулендыбаевдин, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан