Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп Теңизбек Абжапаров дайындалды. Аталган буйрукка 22-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп Октябрь Абдыкаимов иштеп келген. Ал берген арызына ылайык бошотулду.
Ал эми Теңизбек Абжапаров жетектеген Социалдык фонддун башчылыгына болсо Медер Ирсалиев келди. Ал буга чейин Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.