1-июлдан баштап Жогорку Соттун төрагасынын маянасы көтөрүлө турганы бүгүн, 24-июнда ЖКнын Сот укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, бул багытка 49 миллион сом каражат бөлүү каралууда. “1-октябрдан тартып Сот департаментинин, соттук аппараттардын жана жергиликтүү судьялардын айлык акысы 80-100 пайызга көтөрүлөт. Райондук судьялардын маянасы 38 000, ал эми облустук судьялардыкы 40 000 сом болот”,- деди Каржы министри.