Журналист Шайырбек Абдырахман: "Журт атасы болуш үчүн эмне кылуу керек экендиги "Манас" эпосунда жазылган"

2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деген соболуна журналист Шайырбек Абдырахман жооп берди.

Шайырбек Абдырахмандын пикиринде, президент кандай иштерди кылганын так кесе айтып белгилөөгө жарым жыл убакыт кыска. "Мамлекетте сот калыстыгы орнойт, жетекчи кызматтагылардын жеген-ичкени токтойт жана сот, прокуратура, милиция органдарынын бийликтин буйругун аткаруусу, калыссыздык мамилеси токтойт" деген элде үмүт пайда болду. Сынып калган Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбеков президент болгон 6 айдын ичинде кадимкидей өзүнө келди, өз бийлигин колуна алды, кайратына келди. Бизде парламенттик башкаруу системи, биз ошол калыпка түшүп келе жатабыз, бул дагы президенттин жасаган иштеринин бири. Ал эми журт атасы болуш үчүн кандай болуш керек экендиги "Манас" эпосунда жазылган, ар бир жетекчи "Манас" эпосунан жооп ала алат", - деди Абдырахман.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, экс-депутат Нариман Түлеев, "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева, журналист Тынчтык Алтымышев, жарандык активист жана юрист Улан Жумаков жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан