2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деген соболуна "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева өз жообун берди.
Ногойбаева Сооронбай Жээнбеков кандай кадамдарды жасашы маанилүү экенин айтып берди. "Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков непотизмге - үй-бүлөлүк башкарууга жол бербеш керек. Экинчиден, ал маалыматтык айдыңдагы чектөөлөрдү алып салуусу зарыл, бул тармакта анын эч кандай аракеттерин көрө элекмин. Бул ишти азыр Атамбаев жасап жатканын көрүп жатабыз, анткени ал оппозицияда.
Үчүнчүдөн, Жээнбеков фискалдык, бажы жана, эң негизгиси, жогорку жетекчилик деңгээлде коррупцияны азайтышы зарыл. Реформалар жана жаңылоолор боюнча азыркы президенттен көптү күтпөй эле койсо болот, анткени ал советтик аткаминер: абдан сак жана жаңычылдыктарды киргизе ала турганына ишениш кыйын. Бул үчүн жаңы ой-жүгүртүү керек. Бирок эгер ал өлкөнү бейрасмий-коррупциялык-үй-бүлөлүк башкарууга жеткирбесе, мунусу эле жакшы. Ак ниет, эмгекчил, популист эмес лидер катары таанылса, жакшы болот", - деди эксперт.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, экс-депутат Нариман Түлеев, журналисттер Шайырбек Абдырахман, Тынчтык Алтымышев, жарандык активист жана юрист Улан Жумаков жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.