Журналист Тынчтык Алтымышев: "Өкмөттүн ар бир катасы, кемчилиги президентке сокку болот"

2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деген соболуна журналист Тынчтык Алтымышев жооп берди.

Алтымышевдин пикиринде, жаңы президенттин 6 ай ичинде койгон максатынан, айткан сөзүнөн бир жыл аралыгында жыйынтык чыгып баштабаса, элдин ишениминен ажырайт.

“Сооронбай Жээнбеков президенттикке келгенден кийин ишин өлкөдөгү талуу маселелерге мониторинг жүргүзүп, ишти коррупциядан арылтуудан башташ керек экендигин түшүнүп жана күч структураларындагы кадрларды тазалоодон баштады. Коррупция менен күрөшүү аракетинин башталышында чоң каршылыкка туш болду, бул каршылык президенттикти мурас катары калтырган Алмазбек Атамбаев жана анын командасы тараптан болду. Ага каршы туруп, тоскоолдуктан өтүү үчүн 2 ай убактысы кетип калды. Азыр парламент менен кызматташуу келишимине келди окшойт, өзүнүн жаңы өкмөтүн түздү, ишти жаңы баштады. Менин оюмча, жарым жыл убактысы ишти баштоого кетти. Ошондой эле шайлоодо тааныштырган программасын ишке ашыруу үчүн бийлигин эми бекемдеди.

Президент болгондон кийин айткан убадалары ишке ашып баштабаса, ар бир убадасы өзүнө каршы иштеп баштайт. Учурда коомчулукта да президент болгонуна 6 ай болду, эмне иш кылды деген суроолор пайда боло баштады, дагы 6 айдан кийин президенттик мөөнөтүнө бир жыл болот. Ошол 1 жыл болгон учурда коомчулукта “Президент кандай иштерди жасады?” деген чоң суроо пайда болот, иши көзгө көрүнсө анда эл колдоп кетет. Азыркы президентте чоң мүмкүнчүлук бар, эл, парламент, өкмөт колдоп жатат. Эгер кылган иши көрүнбөсө, коомчулуктун колдоосунан ажырайт, өкмөттүн ар бир катасы, кемчилиги президентке сокку боло берет.

Соттук реформа жана коррупция менен күрөшүү максатын ишке ашырса, коррупция азайганын эл жон териси менен сезсе, анда бул президенттин эң чоң иши болуп калат”, - деди Алтымышев.

Экс-депутат Нариман Түлеев, "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева, журналист Шайырбек Абдырахман, жарандык активист жана юрист Улан Жумаков жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан