Адахан Мадумаров: "Жээнбеков маселе чече албайт, чечпейт дагы"

2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деген соболуна "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров өз жообун берди.

Мадумаровдун пикиринде, азыркы президент куру кыйкырык менен гана алек.

"6 айдын жүзүндө эмне иш жасады дегенде, "акырдан жем жеген" КТРК, ЭЛТРди карасаң, "укмуштуудай иштерди жасады" деп кыйкырып жатышат. Эмне иштерди кылып жатат, ишинин натыйжасы жок, көрсөткөндөрү мечитке барды, мечитке барса эмне болуптур, мечитке миллиондогон мусулмандар барат, мечитке барса ар бир мусулман жеке өзү үчүн барат. Ал нерсени өзгөчө кылып көрсөтүштүн эч кажети жок, тескерисинче, бул күнөө болот. Анан "эл менен учакта учту", баарыбыз эле жогорку кызматта иштеп жүргөндө эл менен эле учуп жүргөнбүз.

Булар, тилекке каршы, арзан, олдоксон, адамга жукпай турган жеңил пиар менен алек болуп алышты. Мага бул жаңылык эмес, шайлоо учурунда эле ушул жол менен барарын айткам. Өткөндө маалымат жыйынын өткөрүп 5 маселе койдум, ушул 5 маселени чечсе, жанында колдоп-коштоп турганга даярмын, 5 маселенин бирин дагы чече албайт, чечпейт дагы.

Коррупция менен Өзбекстан эч кыйкырыгы жок эле күрөшүп жатат, кармалгандар өлкө казынасына жегенин кайра кайтарып төгүп жатышат. Бизде кайсы коррупционерден 1 сом алып, ордуна коюп койду, тек гана куру кыйкырык.

Эмне үчүн аткара албайт? Себеби аткарууга эрк керек. Бир эле сүйлөм менен сөзүмдү жыйынтыктайм, Кыргыз мамлекетинин 27 жылдык эгемендик тарыхында эки ооз сөз айтпаган киши бүтүндөй кыргыз элинин лидери боло алабы? Ушул сүйлөм жетиштүү", - деди Мадумаров.

Экс-депутат Нариман Түлеев, "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева, журналисттер Шайырбек Абдырахман, Тынчтык Алтымышев, жарандык активист жана юрист Улан Жумаков жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан