Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан кеткенине 11 күн болду. Бул убакыттын ичинде бажыда коррупция кайра күчөп кеткенин парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыккан. SUPER.KG порталынын "Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу туура эмес чечим болдубу?" деген соболуна саясий серепчи Игорь Шестаков төмөнкүдөй жооп берди.
Ал Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири болгонун айтты.
"Буга байланыштуу ал жогорку кызматтарды ээлеген. Бишкектин мэрлиги ал үчүн ийгиликсиз болгон. Улуттук банктын төрагалыгы боюнча айтуу кыйын, анткени бул кызматта ал аз эле убакыт иштеген. Бажы кызматынын башчысы болуп, жакшы көрсөткүчтөргө жетишти десек болот. Бул кызматтан Кулматов Атамбаевге жакын болгону үчүн кетти. Ал баарын түшүнүп жаткан, жаңы бийликтин интригаларына аралашкысы келген жок. Учурда Кулматовго кылмыш иши козголгон, мындан улам ал кызматты ээлей албайт. Бул иш эмне менен бүтөрүн күтүп, жыйынтык чыгарыш керек", - деди адис.
Мындан тышкары ал кайсы бир чиновникке баа берүүдө анын көрсөткүчтөрүнө карап баа берүү зарылдыгын баса белгиледи. “Кулматовдун Бажы кызматынын башчылыгына келиши менен бул тармакта коррупция жана аткезчилик жоюлду деп айткан болбойт, бирок ал бул процесстерди төмөндөтө алды. Негизги көйгөйлөрдү ал чечкен жок. Эми Бажы кызматынын жаңы башчысынын ишине карап салыштырыш керек. Коррупция бажыда болгон, мындан кийинки жетекчилердин да бул көйгөйдү чечерине ишениш кыйын.
Биздин жетекчилерибиздин негизги маселелеринин бири – алар кадрлардын кесипкөйлүгүнө эмес, өзүнө же партияга жакындыгына карап кызматтарга дайындашат. Мисалы, эгер Кулматов Атамбаевге жакын болбогондо, жогорку кызматтарды ээлей алат беле. Эгер өлкөбүздө кадрлар кесипкөйлүгүнө жараша кызматтарга дайындалса, экономикабыз өнүкмөк”, - деди Шестаков.
Депутаттар Эмил Токтошев, Рыскелди Момбеков, саясат таануучу Марат Казакбаев жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.