Депутат Рыскелди Момбеков: "Кулматовду кызматтан алуу чечими - акмактык"

Кубанычбек Кулматовдун Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан кеткенине 11 күн болду. Бул убакыттын ичинде бажыда коррупция кайра күчөп кеткенин парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев айтып чыккан. SUPER.KG порталынын "Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу туура эмес чечим болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.

Депутаттын айтымында, өкмөттүн Кулматовду кызматтан алып коюшу туура эмес чечим болгон. "Өкмөттүн Кубанычбек Кулматовду кызматтан алуу чечими аша чапкандык, алабармандык эмес, бул акмактык! Себеби Бажы кызматындагы жыл башынан бери түшкөн бажы төлөмдөрүнүн көлөмү эгемендик алгандан бери биздин өлкөдөгү биринчи жолку эң чоң көрсөткүчкө жетти, пландан ашык 3 миллиард сом алып келди. Бул деген канча деген социалдык объектилер, пенсия, жөлөк пул.

Алмазбек Атамбаев "2017-жылы Бажы кызматынан 10 миллиард сом акча уурдалыптыр" деп бекеринен айткан жок. Эгерде бир кварталда 3 миллиард сом ашык түшүп жаткандан кийин 3 миллиард сомдун уурдалып келгенине күбө болуп калсак, экс-президенттин айтканы чындык болуп калат.

Экинчиден, Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин "Кыргыз өлкөсүнүн бажы системинде чоң уурулук бар, аткезчиликти Ак Үйдөгү аткаминерлер акча жасашат" деген маалыматы да чындыкка дал келип калат. Мына ушундай нерселерди угуп туруп Кулматовду орун басары менен бирге кызматынан алып туруп, кайрадан көшөгө артындагы "серый кардинал" Райымбек Матраимовдун талапкерлери, жакын адамдары келип жаткандан кийин Кыргыз бажысына "Райымбек Матраимов атындагы Кыргыз мамлекеттик бажысы" деп биротоло атын бере бериш керек же болбосо "Кыргыз мамлекетиндеги менчик бажы кызматы" деп менчикке чыгарып бериш керек", - деди Момбеков.

Депутат Эмил Токтошев, саясат таануучу Марат Казакбаев, саясий серепчи Игорь Шестаков жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан