Борбордук шайлоо комиссиясынын(мындан ары БШК) мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Аталган буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 25-майда кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Абдраимовду облустук аппараттын жамаатына биринчи премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Буга чейин Чүй облусун Улан Карагулов жетектеп келген.
Туйгунаалы Абдраимов дарыгер (1982) жана юрист(2005) кесиптеринин ээси.
Эмгек жолу:
1975-1976-жылдары - "Сантехзаготовок" заводунда слесарь;
1982-1995-жылдары - медициналык кызматкер;
1995-2000-жылдары - Жогорку Кеңештин I чакырылышынын депутаты;
1996-1998-жылдары - саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары;
1998-2000-жылдары - өкмөттүн алдындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун генералдык директору;
2001-жылы - "Дентал системс" ЖЧКсынын генералдык директору;
2002-2005-жылдары - БШКнын мүчөсү;
2005-2006-жылдары - БШКнын төрагасы;
2007-жылдын 30-мартынан 24-октябрына чейин саламаттыкты сактоо министри;
2008-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы жана Вьетнамдагы(2010) толук жана ыйгарым укуктуу элчиси;
2010-2011-жылдары - "Кайнар" акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы;
2011-2016-жылдары БШКнын төрагасы болуп иштеген.