Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 28-майда саат 10:00дө Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында спорт мектебин 2018-жылы өлкө бюджетинен каржылоо маселеси талкууланат. Олимпиадалык резервдер окуу жайын каржылоо боюнча өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов баяндама жасамакчы.
Мындан тышкары бүгүн түштөн кийин аталган комитет Улуттук банкта да көчмө жыйын өткөрөт. Анда мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын ролу жана функциялары тууралуу маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп бермекчи.