Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Жолугушууда УКМКнын ишмердигинин натыйжалары жана Коопсуздук кеңешинин акыркы чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Президент УКМК өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздаган маанилүү органдарынын бири катары ички жана тышкы коркунучтар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүшү керек экенин белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков жолугушууда коррупция, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.
"Күнөөлүү адамдарга карата катуу чараларды көрүш керек, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толуктоону камсыз кылуу керек", - деди Жээнбеков.