Вице-спикер Мирлан Бакиров: "Жогорку Кеңеш өз алдынча иш алып барууда, кандайдыр бир тараптан команда берүү жок"

Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады. Ушул жагдайдан жаралган SUPER.KG порталынын "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жооп берди.

Бакировдун айтымында, парламентке карата жылуу пикирдин айтылып жатканына өлкөдөгү акыркы окуяларда Жогорку Кеңеш өз ордун көрсөткөндүгү түрткү болду.

“Жогорку Кеңеш ар дайым элдин көзөмөлүндө, таразасында турат. Жылуу сөз айтылып жаткандыгына парламент акыркы күндөрдө чуулгандуу окуялар боюнча ачык ой-пикирин билдирип, комиссияны жыйынтыктап, токтом кабыл алып бир топ орчундуу сунуштар кабыл алынгандыгы негиз болууда. Экинчиден Жогорку Кеңеш жумушун өз алдынча алып барып жатат, тигил же бул тараптан кандайдыр бир команда берүү жок. Негизи эле элдин пикирин эске алуу менен чечимдерди чыгарып жаткандыгы жылуу пикирди пайда кылды.

Биздин өлкөдө учурга жараша ар кандай окуялар болуп турат, айрым учурда Жогорку Кеңешти атайын жаманатты кылган ушак-айыңдар болушу мүмкүн. Жогорку Кеңеш табиятынан ушундай, кээде популисттик орган болот, кээде мыйзам чыгарууда, чечимдерди кабыл алууда өзүнүн күчүн, ыйгарым укуктарын көрсөтүп турат. Ушул нук менен кете турган болсо алтынчы чакырылыштагы парламент мөөнөтүнүн аягына чейин жумушун аткарат жана кийинки чакырылышка азыркы парламенттеги партиялар ушул курамы менен келүүгө өбөлгө болот”, - деди Бакиров.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров жана “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормоновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан