"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов: "Парламент элдин мактоосу жок эле мыйзамга ылайык өз ишин так аткарыш керек"

Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады. Ушул жагдайдан жаралган SUPER.KG порталынын "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өз пикирин билдирди.

Шыкмаматовдун пикири боюнча, парламент өз милдеттерин гана аткарып жатат, мактоого татый турган иштерди жасай элек.

"Жогорку Кеңеш акыркы убактарда Конституциядагы ыйгарым укуктарын толук аткаргандай иштерди жасап, эл ошондон улам жакшы пикирге келип жатса керек. Анткени сотторду тандоодо, Сапар Исаковго берген баада өз алдынча экенин көрсөттү. Парламент ар дайым өз алдынча бийлик бутагы болуш керек, Конституцияда ошондой жазылган. Элдеги жакшы пикирдин пайда болушу парламенттин акыркы убакта өз алдынча институт экенин көрсөтө алганында болуш керек деп ойлойм. Бирок муну менен мактанууга эрте, анткени парламент өз милдетин аткаргандыгы үчүн мактоого татыганы чоң сөз кыла турган нерсе эмес. Парламент элдин мактоосу жок эле мыйзамга ылайык өз ишин так аткарыш керек, ушундай иштеш керек. Парламент жаңы идеяларды жаратып, милдеттерин мындан да ашык аткарса, анда эл мактаса жарашмак. Менин оюмча, парламенттин азыркы иштери кадыресе эле мыйзамда көрсөтүлгөн иш. Демек, азыр мактоого татып жатса анда мурунку иштери канааттандырарлык эмес экенинен кабар берет”, - деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров жана “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормоновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан