Жогорку Кенеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады. Ушул жагдайдан жаралган SUPER.KG порталынын "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков төмөнкүдөй жообун берди.
Баатырбековдун пикиринде, парламентке ЖЭБ боюнча чыккан корутунду аброй алып келген.
"Парламенттин дарегине жакшы сөздөр айтылып башталганына себептер көп. Эң негизгиси коомдо чыгып жаткан маселелердин парламентте ачык талкууланып башталышы буга себеп. Биз эл өкүлүбүз. Эл атынан чыккандан кийин эл көйгөйүн алып чыгышыбыз керек. Буга чейин “парламент мыйзам чыгарып эле иштей бербейби, чарбалык иштерге аралашып эмне кылат” деген сындар көп айтылчу. ЖЭБ окуясынан кийин биздин чарбалык иштерге аралашканыбыз туура экени далилденди. Коомдун көйгөйүн талкуулоо чордону парламент болушу керек. Буга чейин курч маселелер боюнча депутаттарда маалымат болгон эмес. ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жакшы иштегени билинди. Корутунду угузулган күндөрдөгү кызуу талкуу парламентке аброй алып келди.
Буга чейин депутат кайсы бир курулуш боюнча сын айтса, “тендерден өзүнүн компаниясы өтпөй калып ушинтип жатат” деген сындар айтылчу. Жашырганда эмне, ЖМКлар кайсыл бир адамга баш ийип келген. Андан сырткары депутаттарга байланыштуу соттук иштер парламенттин активдүү болушуна терс таасирин тийгизип турган. Ал эми учурда парламент жанданды. Коррупцияга каршы иштерге президентибиз Сооронбай Жээнбековдун да көз карашы түз.
Учурда парламентке коомчулук ишеним арта баштады. ЖЭБ боюнча талкуудан кийин парламент депутаттарына ар кандай чуулгандуу иштер боюнча маалыматтар түшүп жатат. Мисалы: Тарых музейин реконструкциялоо, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу, ипподромдогу курулуш боюнча маалыматтар коомчулуктан бизге келип түштү", - деди Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров жана “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормоновдун пикири бул шилтемеде.