Бүгүн, 29-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз
Мурдагы премьер Сапар Исаковго коррупция беренеси боюнча айып тагылды. Ал бүгүн УКМКга төртүнчү жолу суракка чакырылган. Сурактан чыккандан кийин коррупция боюнча айып тагылганын айтып, "мени атайын каралоо аракети жүрүп жатат. Алгач менин тегерегимде чуу жаратып, эми мени кылмышкер катары көрсөткүлөрү келип жатат. Эми ак экенимди далилдөөгө аракет кылам", - деди Исаков. Исаковго айып Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында тагылып, ал өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендирилди. Буга чейин аталган кылмыш иши боюнча бир топ аткаминерлер кармалган.
Сапар Исаков 2013-жылы президенттик аппаратта иштеп турганда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга жаңылоодо иш аткаруучу катары Кытайдын ТВЕА компаниясын тандоо боюнча ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жазган деп күнөөлөнүүдө. ЖЭБди жаңылоо ишин иликтеген депкомиссия Исаковдун ошол каты ТВЕАны тандоого олуттуу таасир эткен деп бүтүм чыгарган. Ал эми ЖЭБди жаңылоо ишинде баалар эселеп кымбат көрсөтүлүп, миллиондордун изи табылбай жатканы белгилүү.
Интернет желесинде өзүн, экс-президент Алмазбек Атамбаевди каралоо күчөп кеткенин, "Исаков өлкөдөн чыгып кетти" деген маалымат тарап жатканын айтып: "Мен өлкөдөн эч жакка кетпейм, коррупцияга аралашкан эмесмин, 100 пайыз тазамын", - деди.
Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алып, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу керектигин айткан. Ал резонанстуу иштердин бири дал ушул ЖЭБди жаӊылоо долбоорундагы шектүү жагдайлар. Исаковго президенттин ушул тапшырмасынан кийин айыбы угузулду.
Айта кетсек, Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаӊылоо иши боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында алгачкы жолу 26-апрелде, кийин 14-майда суракка алынган. Ал эми ЖЭБди жаӊылоо ишин иликтеген депутаттык комиссия 30га жакын аткаминердин, анын ичинде Сапар Исаковдун президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп тургандагы ишине укуктук баа берүүнү УКМК менен Башкы прокуратурага тапшырган. Укук коргоо органдарына 3 айлык мөөнөт берилген, жообу күзүндө, парламент жайкы каникулдан кайтып келгенде суралат. Кайра-кайра суракка чакыруулардан улам Сапар Исаков камакка алынышы мүмкүн деген пикирлер көп айтылып жаткан. Бирок Исаков аны камоого негиз жок экенин билдирет. ЖЭБди жаӊылоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын чечимин, коомчулук тараптан айтылып жаткан сындарды Исаков олуттуу кабыл албагандай түр көрсөтүп жаткан...
Бүгүн Бишкек шаардык кеӊешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары шаар мэри Албек Ибраимов кызматка шайлангандан бери жасаган иши боюнча отчёт бере электигин айтып чыгышты. "9 миӊ сомдук көчөттөрдү сатып алган мэрден отчёт ала албай отурганыбыз уят", - дейт депутат Жусупбек Коргонбай уулу.
Буга кошулган депутат Рысбай Аматов мэрди депутаттарга акыл үйрөтпөөгө чакырды. Бүгүн эртеӊ менен вице-мэр Айгүл Рыскулова, Бишкек санитардык полигонунун жетекчиси Болот Асаналиев кызматтан кеткен. Буга шаардык кеӊеш депутаттары "жооп берер убакта кызматтан кетип кутулууда" деп нааразы болушту. Көп өтпөй Айгүл Рыскулова эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлөрү белгилүү болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларын кызматтан кетирүү толкуну мэрге жетиши мүмкүн экенин депутаттардын андан отчёт талап кылып калганынан байкоого болот. Буга чейин КСДП партиясы да Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароодо Жогорку Кеӊештин жыйыны соттук жыйынга окшошуп калганын, депутаттар укук коргоо органдарынын милдетин аткарууга аракет кылышканын сындап чыккан эле.
Айтылган сындар чычалаттыбы, айтор, Албек Ибраимов да бүгүн депутаттарды шаардык кеӊештин сессиясын соттук отурумга айландырбоого чакырып, мэриянын ишиндеги кемчиликтерди командага шылтады. "Бул жердегилердин 90 пайызы мен келгенге чейин эле эмгектенип келишкен. Силердин оюңарда 3 күндүн ичинде бардык суроого жооп берүү мүмкүнбү? Араңарда мэрияда иштөөгө даярлар бар болсо сунуштагыла, эртең кызматка коюуга даярмын, анан 3 айдан кийин отчётун угабыз", - деди мэр. Албек Ибраимов мэрлик кызматта турганына 2,5 жыл болду. Ошентип шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан кызматка шайланган шаар башчы депутаттардын үстүнөн түшүп, аларга кантип туура сүйлөө, жыйынды кантип туура алпаруу керектигин үйрөтүүдө...