Башкы прокурордон былтыр 300гө жакын адамдын акталганы азбы же көппү деп сурашты

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда баш прокурор Өткүрбек Жамшитов отчёт берүүдө.

Анын жүрүшүндө "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев былтыр өлкөдө 276 адам акталып, эркиндикке чыкканын айттып, баш прокуродон бул сан азбы же көппү деп сурады.

Өткүрбек Жамшитов жооп бергендей, жарандарды актоо демократиялык систем үчүн жакшы көрүнүш экенин айтты. "Кошуна өлкөлөрдө жылына 1-2 гана адам акталат. Албетте, тергөөдөгү, сот жараянындагы биз тараптан кеткен көйгөйлөрдү жоюуга аракет жасайбыз", - деди баш прокурор.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев: "Ошол акталган адамдарга кандай моралдык жардам берилген? Тергөөчүлөр да жоопко тартылдыбы?" - деп сурады.

Баш прокурор былтыр каралоо менен камалган окуя катталбаганын билдирди. "Бирок соттордогу биздин өкүлүбүз тергөөчүлөрдүн иштери жана акталгандар боюнча документтерди кайрадан карап чыкмакчы", - деди Жамшитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан