Акыркы мезгилде бир нече чуулуу кылмыш иштери ачылган. "Бул кылмыш иштери өтөөсүнө чыгат деп ишенесизби? Же бул элди негизги маселелерден алаксытуубу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.
Ал азыркы бийликтин козголгон кылмыш иштерди аягына чыгарууга мотивациясы күчтүү деген пикирде.
"Алмазбек Атамбаев 7 жыл ичинде жасаган коррупциялык иштерин тиешеси жок болсо дагы азыркы президентке, жакындарына илгенге аракет кылып жатат. Учурунда бир командада болгон, бирок түздөн-түз азыркы президент жана жакындарынын тиешеси жок. Ошондуктан азыркы өлкө башчы ак экендигин, коррупцияга тиешеси жок экендигин далилдеш үчүн бул иштерди аягына чыгарууга мүмкүнчүлүгү жогору, кызыкчылыгы да бар. Ошондуктан бул иштер аягына чыгат. Эгерде азыркы бийлик мурдагыдай Атамбаев менен дос болгондо, анын айтканынан чыкпай турганда, анда башкача натыйжа күтмөкпүз", - дейт Жээнбеков.
Мындан тышкары ал буга чейин козголгон көп кылмыш иштери сыяктуу эле азыркы иштердин да мөөнөтү узартылып, элдин назарынан оолактап аягына чыкпай калуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. "Бирок биз азыр көп жагдайга маани берип карашыбыз керек. Биринчиден, мурунку бийликтин өзүн актоо аракети - анын артынан азыркы бийликте жаралган мотивация. Экинчиден, аларга байланышпаган тергөөнүн сапаты деген түшүнүк бар. Тергөө учурунда далилдерди чогултууда маселелер бар. ЖЭБ, "Датка-Кемин" долбооруна окшогон иштердеги финансылык операцияларды жүргүзүүдө биздин атайын тергөөчүлөрдүн деңгээли төмөн. Мына ушул жерден ката кетип калышы мүмкүн, далил чогулта албай, чогулткан далилдери жараксыз болуп калыш мүмкүн. Андан сырткары биздеги соттордун сапатынын төмөндүгү. Мунун бардыгы ишке таасирин берет, күнөөлүү адам күнөөсүз, күнөөсүз адам күнөөлүү болуп калышы мүмкүн. Ушуга окшогон бизде тобокелчиликтер көп", - деген ойдо экс-депутат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Иса Өмүркулов, коомдук ишмер Жеңиш Молдокматов, юрист Канат Хасановдун пикирлери бул шилтемеде.