Канат Хасанов, юрист: "Бир сотту башка сотко алмаштырып коюу - бул сот реформасы эмес"

Акыркы мезгилде бир нече чуулуу кылмыш иштери ачылган. "Бул кылмыш иштери өтөөсүнө чыгат деп ишенесизби? Же бул элди негизги маселелерден алаксытуубу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна юрист Канат Хасанов төмөнкүдөй жооп берди.

"Мыйзам боюнча, кылмыш иши козголгондо ал аягына чыгат, иш сотко ашат, анан сот чечим чыгарат. Соттон кандай чечим чыгат бул Кудай анан сот билген нерсе, башкабыз эч нерсе айта албайбыз. Туура козголдубу, туура эмес козголдубу, бардык эле кылмыш иштери аягына чыгып, соттун кароосуна кетет. Айыпталгандардын айрымдары акталып, айрымдарына айып пул салынып чыгып жатышат. Азыркы иштерди сот кандай чечет, айта албайм", - деди Хасанов.

"Сот реформасын жасоо - бул чоң иш-чара, аны өтө кылдаттык менен ишке ашырыш керек. Сот реформасында “бакиевчил сотторду атамбаевчил сотторго, атамбаевчилерди жээнбековчуларга алмаштырабыз" деген такыр туура эмес. Сотторду тандоо кеңешинде жүрүп, аралашып, бул аябай чоң иш экенин көрдүм. Сот реформасында алгач тергөөнү оңдош керек, жарандык иштер менен алектенгендерди оңдош керек, анан мыйзамды оңдош керек. Бир сотту башка сотко алмаштырып коюу – бул сот реформасы эмес", - деп кошумчалады адис.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Иса Өмүркулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, активист Жеңиш Молдокматовдун пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан