Бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында отчёт берет. Бул маселе бүгүнкү жыйындын күн тартибинде биринчи болуп турат.
Анда баш прокурор 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат бермекчи.
Кечээ Жамшитов парламенттин эки тармактык комитетин отчёту менен тааныштырган. Комитет мүчөлөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен башкы прокурордун отчёту боюнча тиешелүү чечим кабыл алынган. Ага ылайык, Башкы прокуратура коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери жаатында укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылуу, кызматтык жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу убактылуу токтотулган жазык иштери боюнча жигердүү ишти жүргүзүү тапшырмасы берилген.
Айта кетсек, Жамшитов аталган кызматка 2018-жылдын 26-апрелинде дайындалган. Ага чейин баш прокурор болуп Индира Жолдубаева иштеп келген.