Жарандык активист Мавлян Аскарбеков: "Чуулгандуу иштер аягына чыкпаса, элде чоң жарылуу болот, анткени эл жадап бүттү"

Акыркы 2-3 ай аралыгында Жогорку Кеңеш мурунку калыбын өзгөртүп, чуулгандуу иштердин, коррупциялык иштердин бетин ачкан ордого айланды. Бул нерсеге коомчулуктун да көңүлү бурулду, коомдо Жогорку Кеңешке карата ишеним, үмүт пайда болду.

SUPER.KG порталынын "Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?" деген соболуна жарандык активист Мавлян Аскарбеков төмөнкүдөй жооп берди. Ал Жогорку Кеңештин аягына чыгара турган иштери көп экенин, коомчулук ошол чуулгандуу иштер көтөрүлүп, айтылып эле калып калбай аягына чыгышын күтүп жатканын билдирди.

"Жогорку Кеңештин өз милдетин толук аткарып жатканы эл арасында чынында ишенимди пайда кылып жатат. Коом депутаттардан эмнени күтуп жатат? Коом бүгүн чуулгандуу коррупциялык иштерди Жогорку Кеңештен көтөрүп эле койбой, пайдалуу чараларды көрүүсүн күтүп жатат. Коррупцияга аралашкан чиновниктер статусуна карабай жоопко тартылып, мүлкү мамлекетке өткөрүлүш керек.

Аскарбек Шадиевдин качуусуна тиешеси бар адамдар жооп бериш керек. Бүгүнкү ЖЭБ, Тарых музейи ишинен башка "Кумтөр" маселесине, Азиз Батукаевди чыгаруу маселесине тиешеси бар адамдардын иши да аягына чыгарылыш керек, күнөөлүүлөр камакка алынып, мүлкү мамлекетке алынышы керек. Мындан башка ГЭСтердин курулушу, Бишкектеги жолдордун курулушу, ат майдандын курулушуна Көчмөндөр оюнуна кеткен каражаттар жана эң башкы маселе болгон 40 адам каза болгон Дача-СУдагы учактын кулашы, аткезчилик менен келген жүк тууралуу маселелер Жогорку Кеңеште ачык талкууланып, тиешеси бар адамдардын бардыгы жоопко тартылыш керек. Мындан башка да маселелер өтө көп, парламент ошолордун бардыгын тыныгуусуз иштеп карашы керек.

Айбашовдун мүлкүн, үйүн баарыбыз көрдүк, ал камалды. Ал эми ошол эле берене менен иш козголгон Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун үйү, байлыгы эмнеге көрсөтүлбөйт, камалбайт, элде ушундай суроо пайда болууда.

Президенттин кызматка отурганына 6 ай болду, бул чечкиндүү кадамга барууга жете турган убакыт. Мисалы, Малайзиянын премьер-министри Мохамад Махатхир кызматка келген 5 күн ичинде мурунку премьер-министрди, ондогон чиновниктерди камап өлкөгө чоң көлөмдөгү каражаттарды кайтарды. Ал эми биздин президент келгенине 5 ай болгонуна карабай чечкиндүү кадам жасай элек. Эл арасында "92 жаштагы Махатхир чечкиндүү күрөшүүдө, 60тан эми ашкан биздин президент чабал болууда” деген пикирлер айтылууда. Келе жаткан күзгө чейин дагы убакыт бар, ушул убакыт ичинде президент да өз чечкиндүүлүгүн көрсөтүп учурдагы чуулгандуу иштерди аягына чыгарбаса, элде чоң жарылуу болот, анткени эл жадап бүттү”, - деди Аскарбеков.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан