КҮНСЕРЕП: Бишкек шаардык кеңеши Кытайга жер берди

Бүгүн, 31-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек шаардык кеңеши бир күндүн ичинде чечимин өзгөрттү. Эске салсак, кечээ шаардык кеңештин депутаттары Кытай элчилигине жер тилкени бекер колдонууга макулдук бербей койгон эле. Бул сааттар аралыгында чечимди өзгөртүүгө кандай кырдаал таасир жаратты?

Кечээ, 30-майда Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаардык кеңешине токтом долбоорун алып келген. Ага ылайык, Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкеси бекер колдонууга берилмек. Учурда Кытай мамлекети элчилик ээлеген жер тилкенин ижара акысына жылына 723 миң сом төлөөрү айтылды. Ошол эле учурда Кыргыз мамлекети Пекинде жайгашкан элчиликтин ижара акысына 2004-жылдан бери 3 миллион 3 миң 55 доллар төлөгөндүгү маалым болду. “Кытай тарап бизге Пекиндин борбордук бөлүгүнөн 25 сотых жер бөлүп берди. Коңшу өлкө баш-аягы 9-10 миллион долларга элчиликтин имаратын, дипломатиялык миссиянын кызматкерлери үчүн турак жай да куруп берет”, - деп айтты шаардык кеңеште Тышкы иштер министрлигинин өкүлү. Токтомдун долбоору боюнча чечим кабыл алынса, Кыргыз тарап да, Кытай тарап да 49 жылга ижара төлөмүнөн бошотулары билдирилди. Жер кодексине ылайык, эл аралык максатта жер тилкесин бөлүп берүүдө жергиликтүү кеңештин макулдугун алуу милдеттүү. Анын уруксаты жок жер тилке колдонууга берилбейт.

Бирок депутаттар эки сааттык талкуудан кийин токтомдун долбоору чийки, маселенин мамлекеттер аралык мамилеге тиешеси бар болгон соң кылдат иштеп чыгуу керек деген жыйынтыкка келишкен. Ошондой эле айрым эл өкүлдөрү “алмашуунун баасы тең эмес” дешти. Депутаттарга дагы бир жакпаган учуру маселенин шашылыш каралып жатканы болду. Буга Тышкы иштер министрлигинин өкүлү президент Сооронбай Жээнбековдун кийинки аптада Кытайга барары, сапарда шаардык кеңеште талаш жараткан маселе боюнча макулдашууга кол коюлары менен жооп кайтарды.

Жыйынтыгында добуш берүүгө келгенде токтом долбоору өтпөй калды. 19 депутат колдоп, 9у добуш берүүдөн баш тарткан. Алардын сегизи “Республика-Ата Журттан”, бирөө “Өнүгүү-Прогресстен” болгон. Токтом долбоору жактырылышы үчүн кеминде 23 добуш алуу керек эле.

Жарандык активист жана юрист Улан Жумаков добуш берүүдөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломаттарды Кытайдын атайын кызматтары үчүн иштеген же иштебегенин текшериши керектигин социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары азаматтар! Кытайдын пайдасына билдирүү жасаган “Кыргыздипсервисти” жоюу керек! Кыргыз жергесинин бир да сантиметри соодалашуунун маселеси болбош керек", - деп жазган Жумаков. Бирок бул маанай көпкө узаган жок.

Кийинки күнү Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевге тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев келди. Кабинетинен чыккан соң министр журналисттерге комментарий бере албасын, шашып жатканын айтып чыгып кетти. Көп өтпөй шаардык кеңеш бир күн мурда колдоо таппай калган маселени жыйынында кайра кароого киришти. Токтом долбоорун жактоо ролунда Тышкы иштер министрлигинин алдындагы мамлекеттик “Кыргыздипсервис” ишканасынын башкы директору Мирлан Арстанбеков өзү болду. Кечээ жыйында бул ролду анын орун басары Айнура Дубанаева аткарган эле. Мирлан Арстанбеков бул маселе бир гана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгында экенин айтуудан баштады. Бишкек мэриясы менен Кытайдын элчилигинин ортосунда шаардын түштүк аймагында 3 гектар жер тилкени 49 жылга ижарага берүү тууралуу макулдашууга 2003-жылы эле кол коюлганын билдирди. Кийин ал жер тилкесине имарат курулуп, элчилик 2011-жылы көчүп киргени маалым. Айтор, жыйындын жүрүшүндө кечээ Тышкы иштер министрлигинин өкүлү менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бири-бирин түшүнбөй калышкандыгына басым жасалды. Ал эми бир күн мурда алмашуунун баасы тең эместигин айтышкан эл өкүлдөрү Пекин менен Бишкектеги жер тилкелеринин баасы асман менен жер деп кутулушту. Соңунда жыйынга келген 25 депутат токтомдун долбооруна “макул” деп добуш берди.

Бишкек шаардык кеңешинин бир күндө өзгөртүп жиберген чечими, депутаттарынын туруксуз позициясы коомчулук тарабынан сынга алынууда. Бул маселенин шашылыш каралганы да өткөндөн сабак албаганга тете. Бишкек ЖЭБине байланыштуу Жогорку Кеңештеги соңку талкууларда Кытай менен кредиттик келишимдер шашылыш каралганы айтылган. Ошого карабай, кайра эле башында кылдат карашыбыз керек деген маселелер шашылыш каралып, шашылыш чечим чыгарылып жатат. Кытай өлкөсүнө байланыштуу акыркы учурдагы ызы-чууларды эске алганда, шаардык кеңеште орун алган бүгүнкү окуя чырды дагы ырбатууга алып келиши мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан