Бүгүн, 1-июнда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт.
Анда премьер-министрлер КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин жана кызматташуунун башка багыттарын талкууламакчы.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйынга катышуу үчүн Дүйшөмбүгө 31-майда учуп барып, аны Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Саид Давлатали тосуп алды.
Кыргыз мамлекетинин расмий делегациясынын курамында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов, Кыргыз Республикасынын Беларустагы элчиси, КМШдагы уставдык органдарына караштуу Кыргыз Республикасынын укуктуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Шамилбек Асымбеков жана башкалар бар.