Депутат Чыныбай Турсунбеков Кытайга жердин берилиши тууралуу: "Кандай гана келишим болбосун, шашылыш кабыл алынбашы керек"

Кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкесин бекер колдонууга макулдук берди. Бул чечим кызуу талкууга алынып, шаардык кеңештин дарегине катуу сын-пикирлер айтылды.

SUPER.KG порталынын "Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жер 49 жылга берилгени туура болду деп ойлойсузбу?" деген соболуна парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Чыныбай Турсунбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, бардык эл аралык келишимдерде Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы каралышы керек.

"Негизи кандай гана чечим болбосун, шашылыш кабыл алынбашы керек. Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы кандай өлкө менен келишим болбосун, артыкчылыктуу болушу зарыл. Эгер артыкчылык жок болсо, бул чоң өкүнүчкө алып келет, элге да чоң таасирин тийгизет.

Азыркы маалыматтарда, Кыргыздын Кытайдагы элчилигине 9 миллион долларга чейин имарат куруп беришет деп айтып жатышат. Бул элге ачык жеткирилиши керек да. Муну артыкчылык катары кабыл алабызбы, ошону такташыбыз зарыл. Биздин элчилик ал жакта ижарада турса керек. Бирок кандай нерсе болбосун, ачык чечилгени туура. Эл ага жакшы баа берсе анда маселе жок. Бардык нерсе алдын ала ойлонуштурулушу, элге жеткирилиши маанилүү", - деди Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Казакбаев, Нурбек Алимбеков, Алтынбек Жунус уулу, журналист Тынчтык Алтымышевдин пикирлери бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан