Кечээ, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай элчилигине 3,3 гектар жер тилкесин бекер колдонууга макулдук берди. Бул чечим кызуу талкууга алынып, шаардык кеңештин дарегине катуу сын-пикирлер айтылды.
SUPER.KG порталынын "Кытайга Бишкек шаарынан 3,3 гектар жер 49 жылга берилгени туура болду деп ойлойсузбу?" деген соболуна журналист Тынчтык Алтымышев төмөнкүдөй жооп берди.
Ал Кытайдын элчилигине Бишкектен жер тилке берүү маселесине айтылган сын-пикирлер кытай тарапты капа кылышы мүмкүн дейт.
"Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө караганда, Кыргыз тарап бул келишимден утуп жатыптыр. Биз буга чейин Кытайдагы элчилигибиздин ижарасына аларга салыштырмалуу кымбат төлөп келген экенбиз. Азыркы келишимге ылайык, 9 миллион долларга Пекиндеги жаңы имарат курулуп, ал жерде кызматкерлердин жатаканасы, жарандарды кабыл алуучу жайы жайгашмакчы. Муну жетишкендик катары түшүндүрүүдө. Бирок келишимдин процедурасы одоно болуп калды. Буга чейин түрктөр 84 гектар жерди 49 жылга алып, университет куруп иштетип келе жатышат. АКШ, Орусия да база куруп, ижара убактысы бүткөндө чыгып кетүүдө.
Президенттин Кытайга сапары алдында шаардык кеңешке келишимдин документин ала келгени туура эмес болду. Шашылыш кабыл алынганы жакшы эмес. "Муну сөзсүз колдоп бергиле" дептир. Ошентсе анан коомчулукта туура эмес ой кетет да. Эми Кытай "биз менен иш кылганда эле ызы-чуу кыла бересиңерби" деп капа болсо керек. Мунун баары биздин тийиштүү кадрлардын шалаакылыгынан келип чыкты", - деди Алтымышев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Нурбек Алимбеков, Алтынбек Жунус уулу, Руслан Казакбаевдин пикирлери бул шилтемеде.