Мындан 58 жыл мурун, 1960-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген.
Жогорку билимдүү.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык өнүгүү жана ишмердүүлүк институтунун финансы жана кредит факультетин бүтүргөн.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышки иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясындагы эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1983-жылы Бишкек шаарында дүкөн жетекчиси катары эмгек ишкердигин баштаган.
1983-1991-жылдары Бишкек шаарында коомдук тамак-аш тармагында иштеген.
1998-2007-жылдары жеке ишкер катары эмгектенген.
2001-2007-жылдары - "Уан Джун" ЖЧК, "ИРК ЛТД" компанияларында соода-сатык боюнча директор;
2007-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты;
2010-2015-жылдары - "Кальпэн" ЖЧКда соода-сатык боюнча директор;
2015-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты.
4-июнга карата жылнаама.