Милиция бөлүмүндө алгач кызга, андан соң өзүнө бычак сайган жигит жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду

Милициянын бөлүмүндө алгач Бурулайга, андан соң өзүнө бычак сайган Марсбек Б. жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери билдирди.

"Учурда Марсбектин абалы канааттандырарлык. Ал бир аз сүйлөп, тамак ичип калды. Бычак тийген жерлери жакшы айыга элек. Дагы бир аптадан кийин ооруканадан чыгышы толук мүмкүн", - дейт дарыгер.

Ошондой эле дарыгер Марсбек Б. 2 милиция кызматкеринин кароосунда болуп, алар жанында болуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызды бычактап, андан кийин өзүнө да бир нече жолу бычак сайып жиберген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.
Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nuri1988Elim2010
2018-06-04 21:51:01
Байкуш жаш кыз кете берди.Эми иштин чоо-жайын толук аныкташса экен.
Олгон адамдын шору болдуда,ата-энесине кыйын болду.Бул айыгып дагы бир кунун коруп жашай берет.
+2
maks1980bishkek
2018-06-05 04:38:13
ХХХХХХХХ жаш кызды убал эле кылды
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-06-05 08:35:42
Оор абалда түшкөндө эле баланы ХХХХХХХХХ Эртең өлгөн адамдын артынан ар кандай көрсөтмө берет эми көрөсүңөр ал мени бычак менен сайып жиберди эсимди жоготуп коюптурмун ал өзү эмне болгонун билбейм өзүнүн өмүрүнө кол салган окшойт деп тантышы мүмкүн.
+3
sabirdinovich
2018-06-05 11:03:22
Бул таластык бала Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылды. Тиешелүү жазасын алса экен.
-1
jalguzum
2018-06-05 13:32:48
Өзүнө бычак сайганына ишенбейм баланы жакшылап текшериш керек эмнегедир күмөнүм бар. Доктурлар эмне үчүн кыздын ата энесинин уруксаты жок курсагын жарып кайра тиккен башыны эмне үчүн ачпагыла деп ороп салган. Баары жооп берсин. Тиги баланы уктатып коюштары дагы мүмкүн өзүнө кол салды деп коюп булар жаап жашырып үйрөнүп калышкан
+2
step_by_step
2018-06-05 14:12:41
Кабыл алуу бөлүмүндө бычакталган болсо, кантип эле кыз жалгыз калат же милиция бөлүмүндө 2 эле кызматкер иштейби???
+2
Sezim.A
2018-06-05 14:20:15
Марсбектин жанында 2милиция кызматкерлери эмнеге журушот?!Бала эсине келген болсо.
+1
dastan.bujun
2018-06-05 17:22:43
милициялар эле олтуруп коет муну эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан