20 жаштагы Бурулайдын милиция бөлүмүндө аны ала качып бара жаткан киши тарабынан өлтүрүлгөнү коомдо чоң чуу жаратып, милициянын шалаакылыгына нааразы болгондор көбөйгөн. Бийлик бул маселеге кеч болсо да көңүл буруп, кыздын өлүмүнө жол берген милиционерлер иштен айдалган. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Кызматтан алуу менен маселе чечилеби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов өз пикирин билдирген.
Шыкмаматовдун пикиринде, милиция кызматкерлеринин моралдык жоопкерчиликти алып, кызматтан кеткени туура болду.
"Бул окуяны тергөө иликтеши керек, биз "жазалаш керек" дегенден алыс болушубуз зарыл. Ал жердеги окуяда милиция өлтүрүп койгон жок да, ал жерде шалаакылык болду. Милиция аларды кайраштырган жок, ал деген кырсык. Бирок булардын моралдык жоопкерчилиги бар, ошондуктан кызматтарынан кетишти, бул туура. Бул иш болобу, башка иш болобу, кызматынан кеткен адамдын тикелей күнөөсү далилденсе, жазаланыш керек", - деди Шыкмаматов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жамангулов, Экмат Байпакбаев, Журналист Нарын Айып, эксперт Мирсулжан Намазаалы жана блогер Нурсултан Акылбектин пикири бул шилтемеде.